Сот Саакашвилини түрмөдөн чыгаруудан баш тартты

Сот Саакашвилини түрмөдөн чыгаруудан баш тартты

6-февралда Тбилисиде сот Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини мөөнөтүнөн мурда бошотуудан же ден соолугуна байланыштуу жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдыруудан баш тартты.

Буга чейин Саакашвилинин адвокаттары ал реанимацияда экенин кабарлашкан. Мурдагы президенттин санаалаштары ал түрмөдө ууландырылган деп эсептешет.

Украинанын жарандыгын алган Грузиянын мурдагы президенти 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атайт.

Былтыр жыл аягында саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу ал камактан ооруканага которулган.

Январдын башында Грузияда жана 20дан ашык өлкөдө Саакашвилини колдоо пикеттери өткөн. Катышуучулар аны бошотуп, Евробиримдиктин аймагына барып дарыланууга уруксат берүүнү талап кылышкан. Айрым активисттер Грузиянын азыркы бийлигин «Саакашвилинин жок кылууга аракет кылып жатат» деп айыпташкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>