Түркия менен Сириядагы зилзаладан жабыркагандардын саны өсүүдө

Түркия менен Сириядагы зилзаладан жабыркагандардын саны өсүүдө

Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы жабыркаган аймактарда түрк куткаруучулары буга чейин 1540тан ашуун адамдын өлүгүн табышкан, 9733 адам жарадар болгон. Миңдеген имараттар талкаланган.

Жер титирөөнүн борбору Түркиянын Газиантеп шаарынын түндүгүндө, Сирия чек арасынан 90 чакырымдай алыстыкта, 18 чакырым тереңдикте болгон. ЮНЕСКОнун коргоосунда болгон байыркы Газиантеп чеби катуу жабыркаган.

Табигый кырсык Түркиянын бир нече шаарын, анын ичинде Диярбакыр, Адана жана Малатияны каптады. Искендерун порту бузулуп, убактылуу иштебей калды. Диярбакырда сегиз кабаттуу турак жай урап түштү. Кахраманмараш шаарында газ түтүгү жарылды.

Регионду бир катар катуу жер титирөөлөр калтырат, ошондуктан адамдар үйлөрүнө баруудан коркуп, сыртта калууну туура көрүшүүдө.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 45ке жакын өлкөдөн жардам түшкөнүн билдирди. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, бул 18 миңдей адам каза болгон 1999-жылдан берки өлкөдөгү эң күчтүү жер титирөө.

Коңшу Сирияда жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 810го жетип, 2500дөй адам жаракат алган. Алеппо, Хама, Африн жана Латакияда имараттар урап түшкөн. Жер титирөө Дамаскта да сезилди.

Сириянын Баниас шаарындагы эң ири нефтини кайра иштетүүчү заводунда жабдуулар бузулуп, ал иштебей токтоп, мунай продуктулары агып кеткен.

Сириянын түндүк-батышында оппозициячыл Сириянын Жарандык коргонуусу козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактагы абалды «катастрофалык» деп атап, имараттар урандылардын астында калганын, ооруканалар жарадарларга толуп кеткенин кошумчалады.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>