Сот ырчы Кайрат Примбердиевге өкүм чыгарды (видео)

Сот ырчы Кайрат Примбердиевге өкүм чыгарды (видео)

Улуттар аралык касыкты козутууга айыпталган ырчы Кайрат Примбердиевге өкүм чыкты. Бул тууралуу ал соцтармактарга баракчасында билдирди.

Примбердиев Кенесары хандын башы үчүн казак элинен өз атынан кечирим сураганы үчүн ага УКМК тарабынан Кылмыш кодексинин 330-беренеси (улуттар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгонун эске салып, бүгүн бул иш боюнча сот 100 миң сом айып пул салганын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин казакстандык «Айран» YouTube каналына кыргыз-казак алакасы тууралуу берүү чыккан. Анда казак ханы Кенесарынын өлүмү тууралуу маселе да көтөрүлгөн. Кайрат Примбердиев Кенесарынын өлүмү жөнүндө суроого Ормон хан аны өлтүрүүгө аргасыз болгонун айтып, андай окуя болгону үчүн өз атынан казак элинен кечирим сураган. Ырчынын кечирим сураганы Кыргызстанда элдин сынына кабылган.

Кенесары казактардын акыркы ханы болуп саналат. Ал 1847-жылы кыргыздардын жерине кол салып келгенде Ормон хан баштаган кыргыздар тарабынан колго түшүрүлүп, кийинчерээк башы алынган. Анын башын кыргыз манаптары Орусияга жөнөткөнү айтылат. Азыркы мезгилде анын сөөгү кайсы жакта экендиги тууралуу так маалымат жок.

Ырчынын билдирүүсүнө байланыштуу УКМК ага «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен иш козгогон.

УКМК Кайрат Примбердиевге кылмыш ишин козгоду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>