Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кемин шаарында имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү дизайн-кодго келтирилет
17.08.2026 | 16:01
Курулуш министрлигине караштуу Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы шаардагы дүкөндөрдүн, банктардын жана башка коомдук объектилердин сырткы көрүнүшүнүн эскиздик долбоорлорун иштеп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул долбоорлор имараттардын фасаддарынын түсүн, архитектуралык чечимдерин жана көрнөк-жарнактарды жайгаштырууну бирдиктүү дизайн-кодго ылайыкташтырууну карайт. Иш-чаранын негизги максаты — шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана архитектуралык бир түрдүүлүктү камсыз кылуу.
Учурда архитекторлор Кемин шаарын бирдиктүү дизайн кодго келтирүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо иштерин улантып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кемин, Курулуш министрлиги



