АКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтардыАдылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу аземине катыштыКРСУ жана КФС студенттик футболду өнүктүрүшөтКырсыктан кийин Фергана каналында айдоочуну 100дөн ашык адам издеп жататИшкерлерди текшерүүлөрдү прокуратурада каттоону сунушташууда2:1 — Аргентина ДЧ-2026 жарым финалында Англияны жеңип алды
Ысык-Көл облусунда 20 электр кубаттоочу станция орнотулат
13.05.2026 | 14:36

«Чакан ГЭС» ААКы Ысык-Көл облусунун аймагында жалпы 20 электр кубаттоочу станцияларды (ЭКС) орнотууну пландаштырууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Станциялар төмөнкү калктуу конуштарда ачылат:
- Балыкчы шаары — 4 станция;
- Түп айылы — 4 станция;
- Кызыл-Суу айылы — 3 станция;
- Каракол шаары — 3 станция;
- Чолпон-Ата шаары — 3 станция;
- Бостери айылы — 3 станция.
Учурда Бөкөнбаев айылында үч станцияны орнотуу үчүн жер казуу иштери жүрүүдө. Ал эми калган аймактарда уруксат берүүчү документтер даярдалып жатат.
Мекеменин маалыматында, долбоор «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү саясатынын алкагында аткарылып, экологиялык таза транспорттук инфраструктураны түзүүгө багытталган.
2025-жылы «Чакан ГЭС» ААКы тарабынан 10 станция орнотулган. Алардын экөө Бишкек шаарында, төртөө Кемин районунда (Бишкек–Торугарт жолунда) жана төртөө Кара-Көл шаарында жайгашкан. Ошондой эле Ош шаарында 30дай станция орнотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом