Чек арадан кыргыз жараны бир унаа дарбыз менен кармалды

Чек арадан кыргыз жараны бир унаа дарбыз менен кармалды

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда КР жараны «К.О.Н.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаасы кармалды, деп билдирет Бажы кызматы.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 5000 кг, наркы 100 000 сомду түзгөн дарбыздар табылган. Алар Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылышкан.

Жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Транспорт прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринен чыгаруу менен кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынып, материалдар КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн Оперативдүү бажыга өткөрүлүп берилди.

Оперативдүү бажы Кыргызстандын «К.О.Н.» жаранына карата укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Андан ары эки эселенген 116 865 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык «Mercedes-Benz» унаасына карата материалдар сот органдарына конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>