Соттор Ысык-Көлдө 350 орундуу пансионатка ээ болот

Соттор Ысык-Көлдө 350 орундуу пансионатка ээ болот

Кыргызстанда соттор, аппарат кызматкерлери жана сот тутумунун ардагерлери Ысык-Көлдө 350 орундуу пансионатка ээ болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлеринин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, акыркы кезде имараты жараксыз абалга келип калган жергиликтүү сотторго жаңы имараттар курулуп, колдонууга берилүүдө. Жергиликтүү соттордун сот аткаруучуларынын ишин жакшыртуу үчүн 50гө жакын жаңы унаалар берилген. Жакын арада дагы 50 унаа берилет.

«Жалпы өлкө боюнча сот тутумунда эмгектенген судьяларыбызга, Аппарат кызматкерлерине жана ардагерлерибизге ден соолугун чыңдоосу үчүн шарт түзүү максатында Ысык-Көлдүн жээгинен 350 орундуу пансионаттын маселеси чечилди», — деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл июнда депутат Дастан Бекешев Ысык-Көлдө соттор үчүн 90 млн сомго пансионат куруларын билдирген.

Ысык-Көлдө соттор үчүн 90 млн сомго пансионат куруу пландалууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>