«Сөз жок». TikTok’тун чектелишин кыргыз блогерлери кандай кабыл алды

«Сөз жок». TikTok’тун чектелишин кыргыз блогерлери кандай кабыл алды

TikTok тармагынын Кыргызстандын аймагында бөгөттөлүшү боюнча жергиликтүү блогерлер өздөрүнүн пикирлерин билдирүүдө. Айрымдары катталуучуларын Wi-Fi жана VPN аркылуу кирүүгө үйрөтүүдө.

Бул сервистери эң көп катталуучусу бар блогерлерден Арген Керимов, Акылай Саитова оюн айта элек.

Гулиза Исламованын пикиринде, TikTok блогерлерге элге чыгууга жардам берчү.

«Өтө өкүнүчтүү, бирок эң башкысы Инстаграмга тийбегиле», — дейт ал.

TikTok’тогу дагы бир катталуучулары көп блогер Элдана Элмурза (eldana_foureyes) дагы макул эместигин билдирип, бул боюнча жаңылыкты «атынып алгысы келген» быйтыкчалар менен коштогон.

Тамашалуу контенттердин автору Медер Доктурбеков  TikTok’тун жабылышын кейиштүү кабар катары кабыл алып, бул тууралуу видео тартып чыгарды.

Блогер Арген Асановдун пикиринде, аталган тармак ишкерликти өнүктүрүүгө жардам берип келе жаткан.

«Ал жакта бекер жарнама жасай алышат эле. Аны менен көптөр товарын сатып, соода- сатык дагы жүргүзүп келишкен», — дейт ал.

«Сөз жок. TikTok аркылуу иштеп акча тапкан, үй-бүлөсүн баккан тааныштарым толтура», — дейт Үмүтай Суванова.

Актер Эмил Эсеналиев социалдык тармактарды тасмаларды жарнама кылуу үчүн колдонорун белгилеп, бирок терс жактары дагы бар экенин айтат.

«Ал жак адамды «плагиатствого» көндүрөт. Сен бирөөнүн кылганын туурап, «лайк» алып көнүп каласың. Демек сен ойлонбой даяр контент менен иштеп баштайсың», — дейт ал.

TikTok’тун жабылышын колдогондор дагы жок эмес.

«Акчага чечинип калышкан. Жеңил оокат. Балдарга дагы жакшы болот, сабак окушсун», — дейт блогер Айгерим Саматова.

Белгилей кетсек, Индия 202-жылы, Тайвань 2022-жылы TikTok тармагын бөгөттөгөн. Анадан тышкары, Ооганстан жана Пакистанда дагы чектелген. Ал эми АКШда анын ишин токтотуу боюнча мыйзам долбоор кабыл алынды. Канада дагы сервистин ишин көзөмөлгө аларын кабарлады.

Европа өлкөлөрүнөн Франция, Нидерланды, Норвегия жана Дания мамлекеттик кызматкерлерге TikTok’ту колдонууга тыюу салды. Бул чара аталган тармактын Кытай менен байланышынан улам кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>