«Министр болууга моралдык укугу жок!». Депутат ИИМ башчысын катуу сындады (видео)

«Министр болууга моралдык укугу жок!». Депутат ИИМ башчысын катуу сындады (видео)

Депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбековду катуу сынга алды.

«Өткөндө Сокулукта убактылуу кармоочу жайда бир жараныбыз асынып өлүп калды. Ошондо Сокулук райондук милцииянын башчысын кызматтан алды. Ошого эле окшош окуя былтыр Токмокто болгон. Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда эки жаран асынып каза болгон. Бирок Токмок шаардык милициянын башсысын кызматтан албай жатат. Ал эмне бөлөсү болобу же жакшы көргөн кызматкериби?! Эмнеге биздин министр кызматкерлерге тегиз карабайт?!», — деди депутат.

Анын айтымында, Улан Ниязбеков министр болуп келгенден кийин өлкөдө кылмыштуулуктун саны өстү.

«Себеби практика жок. Кызматкерлери менен тыгыз иштешпейт. Улан мырза келгенден бери кылмыштуулуктун саны өсүп кетти. Мындай статистика буга чейин болгон эмес», — деди ал.

Ал УКМК менен Башкы прокуратурага кайрылып, Ички иштер министрлигин текшерүүнү суранды.

«Биздин ИИМдин башчысы өзүнүн бизнестери менен эле алек. Биздин (милиция – ред.) кызматкерлерге камкордук көрбөй эле. Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев – ред.) айткандай, биздин милиция — мамлекеттин жүзү. Бирок милиция мамлекеттин жүзү болбой калды. Себеби бизге (ИИМге – ред.) жакшы жетекчи керек. Министрдин кызматта отурганга моралдык укугу жок», — деди ал.

Сөзүн улай ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, министрди кызматтан алуу маселесин кароону өтүндү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>