Спецназдын ардагери “КамАЗды” ордунан жылдырды — видео

Спецназдын ардагери “КамАЗды” ордунан жылдырды — видео

Бүгүн, 20-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коргоо жана коштоо департаментинде күзгү аскерге чакырылган жоокерлер ант беришти. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, жоокерлер аскердик уставдын негиздерин, жоболорун жана алардын функционалдык милдеттерин үйрөнүштү.

Жаш аскерлерди куттуктоо үчүн Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, ардагерлердин «Сый-Урмат» коомдук бирикмесинин жетекчиси Советбек Арбаев жана анын кесиптештери, аскер кызматкерлеринин жакындары келишти.

Иш-чарада «Сый-Урмат» ардагерлердин коомдук бирикмесинин мүчөсү, спецназдын ардагери, кармашып урушуу боюнча спорт чебери Алексей Тепляшин “КамАЗ” унаасын ордунан жалгыз жылдырды.

Ант берүү аземдери республиканын бардык аскер бөлүктөрүндө өттү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>