Таласта өрттөнгөн унаада калган жубайлардын өздүгү такталды

Таласта өрттөнгөн унаада калган жубайлардын өздүгү такталды

Таластын Бакай-Ата районунда жол кырсыгынан кийин автоунаа күйүп, жубайлардын каза болушу боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-октябрда саат 11:42де 112 кызматы Бакай-Ата райондук милициясына Боо-Терек айылынын кире беришинде Daewoo Nexia унаасы өрттөнүп жаткандыгын кабарлаган.

Окуя жерине барган милиция кызматкерлери, Тараз — Талас — Суусамыр жолунун 158-чакырымында жолдун түштүк тарабында бакты сүзгөн унаа толугу менен өрттөнүп кеткендигин аныктаган. Күйүп жаткан унааны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өчүрүп, унаанын ичинде адамдар калып калганы белгилүү болгон.

Маркумдардын өздүгүн тактоодо, алар Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургундары экени аныкталган. Алар — 65 жаштагы Б.К. жана анын 59 жаштагы жубайы Ж.К.

Учурда аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Таласта жол кырсыгынан кийин унаа өрттөнүп, жубайлар каза болгонун маалымдаган.

Видео: Таластагы жол кырсыкта унаа өрттөнүп, жубайлар каза тапты

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>