Кыргызстандын авиациясы ЕБдин «кара тизмесинен» чыктыИран феномени: Кыргызстан эмнени үйрөнүшү керек — экспертЖааган кардан улам Нарын жана Ысык-Көл облустарында майда мал өлдүКыргызстан менен Кипр 2027–2028-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюштуКөп уюлдуу дүйнө технологиялардын тегерегинде курулат — Эсен УсубалиевСадыр Жапаров Кипрдин тышкы иштер министрин кабыл алып, кызматташууну талкуулады
“Sputnik Кыргызстандын” техникалык директору пневмониядан каза болду
13.07.2020 | 10:55
“Sputnik Кыргызстан” маалымат агенттигинин техникалык маселелер боюнча орун басары Михаил Рогожин 13-июлга караган түнү 51 жашында дүйнө салды. Бул туурадуу аталган агенттик жазып чыкты.
Журналистке эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, ооруканада дарыланып жаткан.
Михаил Рогожин “Sputnik Кыргызстан” агенттиги түптөлгөндөн бери ошол жерде иштеп келе жаткан. Ага чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген. 1990-жылдары Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында окутуучу дагы болгон.
REPORTER.KG маалыматтык агенттиги маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом