Стамбулдагы митингдер: Башкы консулдук кыргызстандыктарга кайрылды

Стамбулдагы митингдер: Башкы консулдук кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерлерден алыс жана этият болууга чакырды.

Башкы консулдук Стамбул облусунун губернаторлугунун чечими менен 19-23-март күндөрү ар кандай демонстрация жана митинг өткөрүүгө тыюу салганынын белгилеп, кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырды.

Ошондой эле 21-март — Нооруз майрамына байланыштуу башкы консулдук иштебей турганын эске салып, чукул кырдаал учурунда + 90 535 107 72 12 номерине кайрылууга болорун билдирди.

Эскерте кетсек, 19-мартта Түркияда полиция 100дөй адамды, анын ичинде Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну кармаган. Оппозициячыл саясатчы болгон Имамоглу Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдогандын 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоодогу башкы атаандашы экени айтылып келет.

Митингдерге тыюу салынганына карабай Стамбулда Экрем Имамоглунун тарапташтары каршылык акцияларына чыгып, анын бошотулушун талап кылууда. Ошондой эле Имамоглунун жогорку билими тууралуу дипломун жокко чыгарган Стамбул университетинин алдында да митингдер уюштурулду. Түркиянын мыйзамдарына ылайык, президент болуп жогорку билими бар адам гана шайлана алат.

Митингдер Стамбулда гана эмес, борбор калаа Анкара баштаган бир нече шаарда болду.

Имамоглунун кармалышынан кийин өлкө бийлиги X, YouTube, Instagram жана TikTok сяктуу социалдык тармактарга бөгөт койгону кабарланууда.

Экрем Имамоглу коррупцияга, террордук уюмга жардам берүүгө шектелүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>