Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылдыОш шаарында калкы тейлөө жана унааларды каттоо бөлүмдөрү бир имаратта ачылдыМинсктен Орусия менен сүйлөшүүлөргө чейин: АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ким болушу мүмкүн?Кыргызстандын Жапониядагы туризм элчиси дайындалдыМотоцикл айдоо үчүн A жана A1 категорияларын кантип алууга болотКыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүнү каалайт
Статистика агенттиги: Быйыл 11 айда Кыргызстанга Өзбекстандан 2,7 млн турист барды
24.12.2024 | 09:59
Быйыл 11 айда Өзбекстандын 2,7 млн жараны Кыргызстанга туристтик максатта келген. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, 5,7 млн өзбекстандык чет жакка туристтик максатта чыккан. Ал былтыркы жылдын 11 айына караганда 1, 35 млн кишиге көп.
Кыргызстан өзбекстандыктар көп барган өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат.
- Кыргызстан – 2,7 млн адам;
- Тажикстан – 1,1 млн киши;
- Казакстан – 888,6 миң адам;
- Россия – 275,1 миң киши;
- Түркия – 214,2 миң адам;
- Сауд Арабия – 166,4 миң киши;
- БАЭ – 114,7 миң адам;
- Египет – 41,3 миң киши;
- Кувейт – 34,3 миң адам;
- Корея– 22 миң адам;
- Башка мамлекеттер – 160,8 миң киши.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом