Токтогулда жаш жигит айылдашын катуу нерсе башка уруп, ал ооруканага түшкөн

Токтогулда жаш жигит айылдашын катуу нерсе башка уруп, ал ооруканага түшкөн

Жалал-Абад облусунда Токтогул районунда 21 жаштагы тургун айылдашын катуу нерсе башка уруп, жараат алган жаран ооруканага түшкөн. Бул облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Токтогул райондук милицияга 30 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 20-октябрга караган түнү болжол саат 02:00до 24 жаштагы инисин бейтааныш бала башына катуу нерсе менен уруп, иниси жерге кулагандан кийин окуя жеринен кетип калган. Натыйжада иниси Токтогул райондук ооруканасына оор абалда жаткырылган.

Аталган арыз каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштин изи сууй электе ачылып, шектүү катары Токтогул районунун 21 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары кармалган жаран милицияга берген көрсөтмөсүндө айылдашын катуу нерсе менен башка урбаганын, аны көтөрүп чапканда башы менен жерге түшкөнүн билдирген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>