«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМиКыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадалады
Илон Маск Twitter’ди канча акчага сатып алууда?
26.04.2022 | 09:48
Дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептелген миллиардер Илон Маск Twitter компаниясын сатып алууда. Тиешелүү макулдашуу жетишилгенин дүйшөмбү күнү кечинде чет элдик басылмалар кабарлашты.
Бул маалыматты Twitter’дин өкүлдөрү да ырастады. Маалыматка караганда, келишимди баасы 44 миллиард долларды түзөт.
Маск Twitter’ди сатып алгандыгы тууралуу билдирүүсүндө сөз эркиндиги маанилүү экенин белгилеп, аны сындап жүргөн адамдардын да социалдык түйүндөгү аккаунттары өчүрүлбөйт деп үмүттөнөрүн айтты.
4-апрелде Маск Twitter’дин акцияларынын 9,2% сатып алып, социалдык түйүндүн ири акционери болуп калган. Бул маалыматтан кийин Twitter’дин акциялары 9,2% кымбаттаган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар