Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Студенттердин республикалык фестивалы расмий ачылды
21.12.2022 | 21:18
Бүгүн, 21-декабрда Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын имаратында студенттик спектаклдердин республикалык “Жаңы ысымдар” фестивалынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов ж.б. бир катар маданият ишмерлери катышты.
Белгилүү болгондой, аталган фестиваль 7 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Фестиваль адаттагыдай Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жашатр саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети менен биргеликте уюштурулууда.
Эскерте кетсек, фестиваль жуманын аягына чейин уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом