Экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратууну парламент колдоду

Экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратууну парламент колдоду

21-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Жеңишбек Токторбаев («Ата-Журт», Кыргызстан) тарабынан демилгеленген «Президенттин ишмердүүлүгү жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Анын айтымында, мыйзам долбоору республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен коммуналдык төлөмдөрдү төлөө сунушталууда.

Экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну токтотот.

Ошондой эле экс-президентти мамлекеттин эсебинен жан сакчы алып жүрүү укугунан ажыратуу каралган.

Экс-президент жан сакчыны өзү каржылап, резиденциядан чыксын. Депутаттын сунушу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>