Бишкек шаарынын мэри спорттун мыктыларын аныктады (Тизме)

Бишкек шаарынын мэри спорттун мыктыларын аныктады (Тизме)

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жаткан жылы шаардык спорттогу жетишкендиктери үчүн салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чарада борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров спортчуларды куттуктады. Бишкек шаарында спортту бардык курактагы жарандар арасында жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн спортчулар борбор калаанын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

«Жылдын мыкты спортчусу» номинациясына:

1. Жумашбек уулу Тайырбек — эркин күрөш

2. Нурланбеков Адилхан – грек-рим күрөшү

3. Нурдин кызы Бермет — кыз-келиндер күрөшү

4. Нуртаева Нурзат — кыз-келиндер күрөшү

5. Раймалы уулу Нурмамбет — грек-рим күрөшү

6. Ахмедов Иса – жиу-житсу

7. Асылбек уулу Акжол — бокс

8. Курманбекова Бактыгүл — бокс

9. Алмазжан уулу Тегин — дзюдо

10. Бадыкеева Асема — көркөм гимнастика

11. Бараканов Саяк — самбо

12. Медет кызы Мираида — самбо

13. Эркинбеков Атай — заманбап бешсайлык

14. Кеңешова Акак — фехтование

15. Акунова Бекзада — Шотокан каратэ

16. Калил кызы Айнуска – жеңил атлетика

17. Сыргабай уулу Нурболот — грек-рим күрөшү

18. Дүйшөнкулова Аяна — кыз-келиндер күрөшү

19. Калбаев Кутман – грек-рим күрөшү

20. Турдубеков Элбий — эркин күрөш

21. Мавлонов Азамат — таэквондо

22. Исаков Алмазбек — эркин күрөш

23. Марсбекова Бермет — таэквондо

24. Жумакадыров Смадияр – грек-рим күрөшү

25. Марков Миляс – грек-рим күрөшү

26. Каналбек уулу Азизбек — пара-пауэрлифтинг

27. Токтосун уулу Бекболсун — пара-кол күрөшү

28. Камчыбек уулу Эрлан — пара-армрестлинг

29. Замирбек уулу Азизбек — пара-пауэрлифтинг

30. Абдувалиев Жалалдин — триатлон

31. Советбекова Нурай — шахмат

32. Атайбек уулу Келдибек — мас-рестлинг

33. Майлыбашева Назия — мас-рестлинг

34. Айданбек уулу Нурбек — баскетбол

35. Ксения Кулик — баскетбол

36. Жанат уулу Самат — футбол

37. Нурлан кызы Айдай — футбол

38. Толоров Атабек — волейбол

39. Асамбекова Айтурган — волейбол

40. Кубатбек уулу Абдырасул — футзал

41. Кирилл Кистанов — теннис

«Мыкты машыктыруучу-2022» номинациясына:

1. Шабданов Мирбек — СДЮСШОР спорт оюндары (футбол)

2. Муртазалиев Абдурахманхаджи – СДЮСШОР мушташ боюнча (жиу-житсу)

3. Алчинов Олег — теннис, паралимпиадалык жана күчтүү спорт боюнча спорт мектеби (пара-армрестлинг)

4. Алжанов Мирлан — Ленин районундагы СДЮСШОР (грек-рим күрөшү)

5. Жумабай уулу Даанышман — СДЮСШОР, сууда сүзүү,  фехтование жана триатлон боюнча «Дельфин» (фехтование)

6. Борисова Татьяна — Биринчи май районунун С.Жуманазаров атындагы спорт мектеби (жеңил атлетика)

7. Махмудов Хаким — Р.Санатбаев атындагы Свердлов районунун спорт мектеби (грек-рим күрөшү)

8. Дүйшебаев Күмүшбек – бильярд жана велоспорт боюнча спорт мектеби (бильярд)

9. Курманалиев Эрмек – Мас-рестлинг федерациясы (Мас-рестлинг)

10. Молдодосов Өмүржан — оор атлетика боюнча спорт мектеби (оор атлетика)

11. Роман Кузьмин — Октябрь районундагы СДЮСШОР (дзюдо)

12. Кожобеков Нурбек – СДЮСШОР улуттук жана стол үстүндөгү спорттун түрлөрү боюнча (бел боо күрөшү)

2022-жылдын мыкты спорт ардагерлери:

1. Азимов Акбаржан — СДЮШОР спортук оюндар

2. Митрофанов Павел —  СДЮСШОР спортук оюндар

3. Крайников Сергей — — Теннис, паралимпиадалык жана күчтүү спорт түрлөрү боюнча спорт мектеби

4. Кадыркулов Бообек

5. Рыскулов Эгенберген

«Мыкты федерация 2022» номинациясына:

1. Паралимпиадалык спорт федерациясы

2. Дүлөйлөр үчүн спорттук кыймылды уюштуруу

3. Күрөш федерациясы

4. Дзюдо федерациясы

5. Оор атлетика федерациясы

6. Триатлон федерациясы

7. “Алыш” белбоо күрөшү федерациясы

«Мыкты медиа өкүлү» номинациясында:

1. Тахир Гафуров — штаттан тышкаркы журналист

2. Арапов Шайыр — КТРК спорту

«Мыкты инструктор-2022» номинациясына:

1. Чалбай уулу Олжобек — Ленин району

2. Стамалиев Мукат — Биринчи май району

3. Мурзалиев Нурбай — Свердлов району

4. Алиев Аман — Октябрь району

«Мыкты дене тарбия мугалими» номинациясына:

1. Жакыпбеков Элдияр — Ленин району

2. Абдуталипов Айбек — Биринчи май району

3. Денисова Любовь — Свердлов району

4. Алиев Аман — Октябрь району

«Мыкты жергиликтүү аймактык башкармалык» номинанттарына спорттук шаймандарды сатып алуу үчүн 20 000 сомдук сертификаттар тапшырылды:

1. №4 МАБ — Ленин району (жетекчиси Райымбеков Алмазбек)

2. № 16  МАБ Биринчи май району (Умкуев Эмилбек)

3. №17 МАБ- Свердлов району (жетекчиси Мамбетова Анара)

4. №6 МАБ — Октябрь району (жетекчиси Жапаркулов Руслан)

«Мыкты билим берүү уюму-2022» номинанттарына спорттук шаймандарды сатып алуу үчүн 20 000 сомдук сертификат тапшырылды:

1. №84 Ж.Сыдыков атындагы мектеп — Ленин району (директору Рысбекова Дилбара)

2. №81 орто мектеп — Биринчи май району (директору Атыкулова Элзат)

3. № 16 орто мектеп — Свердлов району (директору Царенко Светлана).

4. №62 окуу комбинаты — Октябрь району (директору Актайлакова Гүлнара)

«Мыкты жаштар өкүлү 2022» номинациясына:

1. Абдылдаев Атай – БГУнун студенттик кеңешинин төрагасы

2. Бейшембаева Жамиля – Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалымат системалары факультети

3. Жумагулов Адилет — №66 орто мектептин класс жетекчиси, информатика мугалими

4. Кудайбергенов Арсен — Жаштар иштери боюнча консультациялык кеңештин мүчөсү, волонтер

5. Мудинов Айтемир — Жаштар иштери боюнча консультациялык кеңештин төрагасы, ишкер

6. Тажибаева Нургиза — Консультативдик кеңештин төрагасынын жаштар иштери боюнча орун басары.

7. Акинова Бактыгүл — Манас КТУнун студенти, Жаштар иштери боюнча консультациялык кеңештин мүчөсү, волонтер.

Борбор калаанын мэриясы сыйлык ээлерин татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>