Сулайманов: олигархтар шайлоочунун талапкер тандоо укугун тартып алды – видео

Сулайманов: олигархтар шайлоочунун талапкер тандоо укугун тартып алды – видео

Парламентти элдин колдоосу жок, акчасына таянган олигархтардын бизнес клубуна айланттык.  Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын  лидери Алтынбек Сулайманов айтып чыкты.

Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу саясий лидерлерге жана  жарандык коом өкүлдөрүнө атайын сунуш менен кайрылып, шайлоодо партиянын ичиндеги талапкерди жарандар түз тандашы керектигин айтты.

“Күчтүү парламент менен күчтүү өкмөткө жалпы эл муктаж. Күчтүү парламентти бир гана эл шайлайт. Бүгүнкү шайлоо системасында лидерлер, олигархтар жана акчалуулар шайлоочунун бул укугун тартып алышты. Андан жакшы майнап чыкпаганын акыркы эки чакырылыштын сапаты көрсөттү. Жыйынтыгында ким депутат болорун партиянын лидерлери аныктап калды. Парламентти элдин колдоосу жок, акчасына таянган, олигархтардын бизнес клубуна айланттык”, — деди ал.

Эл өкүлү  сунуштаган шайлоо системасында шайлоочулар партияннын тизмесиндеги талапкерге түз добуш берет.

“Ошондо сапаттуу партия түптөлөт. Бул шайлоо системасы саясий атаандаштыкты арттырып, шайлоо системасынын өнүгүшүнө шарт түзөт. Жыйынтыгында билимдүү кесипкөй, жаңы жүздөрдөн турган парламент куралат. Күчтүү парламент күчтүү өкмөт түзөт”, — деди Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>