Жайкы аптап жана нөшөрлүү күн күркүрөөсү: 13-июлга карата аба ырайынын божомолуМинистрлер кабинети кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки программасын бекиттиИгорь Шестаков Бишкек менен Минсктин биримдигине болгон кызыгуунун себебин түшүндүрдүКүн күркүрөп, шамал катуулайт: 12-июлга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын бийлиги Moody’s агенттиги менен республиканын кредиттик рейтингин жогорулатууну талкууладыЭмне үчүн жаштар тарыхты башкача кабыл алышат? КУУнун деканынын түшүндүрмөсү
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин отурумуна киргизилген жок
02.04.2025 | 16:39
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-апрелдеги отурумуна киргизилген жок. ЖКнын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, Борбордук шайлоо комиссиясы 28-мартта “Ыйман Нуру” саясий партиясынан шайланган депутат Султанбай Айжигитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алынган. Бул боюнча БШКнын токтому Жогорку Кеңешке келип түшүп, Султанбай Айжигитовдун депутат катары парламент имаратына кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү эрежеге ылайык чектелген.
“Анткени, Жогорку Кеңештин имаратына депутаттар жана Аппараттын кызматкерлери атайын белгиленген эшиктерден өтүп, электрондук түрдөгү каттоосу боюнча гана кире алышат.
Ал эми жарандарга атайын берилген уруксат кагазы менен парламент имаратына кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Султанбай Айжигитов болсо депутаттар жана кызматкерлер кирген эшиктен кирүүгө аракет кылып, ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу токтомду көрсөткөндөрүнө карабай, коопсуздукту караган кызматкерлерди тасмага тартуу менен алардын ишине тоскоолдук жараткан”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат