Ысык-Көлдүн руханий дүйнөсү: Диндердин биримдигинен ыйык булактарга чейин

Ысык-Көлдү көгүлтүр мөлтүр суусу менен ак карлуу тоо чокулары үчүн гана эмес, миңдеген жылдык тарыхы бар ыйык жерлери, ар түрдүү маданияттар менен диндер айкалышкан өзгөчө аймак катары да «Кыргызстандын бермети» деп аташат. Буга чейин Reporter.kg көлдүн айланасында бир күндө барып көрүүгө мүмкүн болгон табигый кооз жерлер тууралуу материал жарыялаган. Бул жолу кооздугу эле эмес, тарыхы, руханий мааниси жана түрдүү маданияттардын айкалышы менен туристтерди жана зыяратчылар өзүнө тартып келген ыйык жайлар тууралуу айтып беребиз.
«Рух-Ордо»: Көл жээгиндеги руханий борбор
Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында кыргыз жана араб тилдеринен которгондо Рух борбору, Руханий борбор дегенди билдирген өзгөчө маданий комплекс «Рух-Ордо» жайгашкан. Бул ачык асман алдындагы музей гана эмес, фестивалдар, көргөзмөлөр жана эл аралык иш-чаралар өтүүчү жай, ошондой эле элдердин ынтымагын жана ар түрдүү маданияттарды бириктирген борбор болуп саналат.






Беш гектар аянтты ээлеген комплексте дүйнөдөгү негизги беш динге арналган ибадатканалар жайгашкан. Алар ислам, православие, католицизм, буддизм жана иудаизм диндерине таандык. Бардык ибадатканалар көлөмү жагынан бирдей болуп, ар бири өз дининин салтына ылайык жасалгаланган.
Бул жерде туруктуу диний кызматтар көрсөтүлбөйт. Бирок диний китептерди жана ыйык белгилерди көрүүгө болот. Каалоочулар аталган жайда дуба кылып же тынч отуруп ой жүгүртө алышат. Комплекстин негизги максаты — элдердин достугун жана бири-бирин урматтоону жайылтуу.
«Рух-Ордо» толугу менен жеке демилге менен курулган. Анын негиздөөчүсү ишкер жана меценат Ташкул Керексизов.
Комплекстин аймагында дүйнөлүк тарых менен маданияттын белгилүү өкүлдөрүнө арналган эстеликтер жана айкелдер коюлган. Алардын арасында Чыңгыз Айтматов, Александр Пушкин, Конфуций, Мустафа Кемал Ататүрк жана башка белгилүү инсандар бар.
Өзгөчө орунду ардактуу конокторду кабыл алуу үчүн арналган «Айтматовдун үйү» ээлейт. Ошондой эле бул жерде кыргыз элинин тарыхына арналган зал, «Манас» эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаевге арналган чакан музей, «Билим казынасы» музейи жана башка кызыктуу көргөзмөлөр жайгашкан. «Рух-Ордонун» фонду жыл сайын жаңы айкелдер, сүрөттөр жана экспонаттар менен толукталып турат. Ошондуктан бул жерге 5–6 жыл мурда барып келген болсоңуз да, кайра барып көрүүгө арзыйт.
Петроглифтер: ташка түшүрүлгөн тарых
Чолпон-Атадан бир нече чакырым алыстыкта, 42 гектар аянтты ээлеген ачык асман алдындагы «Таш бакча» музейи жайгашкан. Бул жерде биздин заманга чейинки II миң жылдыкка жана биздин замандын IV кылымына таандык ташка чегилген байыркы сүрөттөр (петроглифтер), таш эстеликтер, көрүстөн таштары жана байыркы таш дубалдардын калдыктары сакталган.
Окумуштуулардын айтымында, илгери бул аймак ачык асман алдындагы ыйык жай болгон. Себеби таштардын көбү түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш тарапты каратып коюлуп, алардын бетине ыйык мааниси бар сүрөттөр түшүрүлгөн.
Музейден ошол доордо жашаган элдердин күнүмдүк турмушун чагылдырган сүрөттөрдү да көрүүгө болот. Алардын арасында тоо текелер, илбирстер, бугулар, аңчылык көрүнүштөрү жана мергенчилердин элестери өзгөчө кызыгууну жаратат.
Манжылы-Ата: дартка дабаа булактар жана айыгууга болгон ишеним
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Бөкөнбаев айылы менен Кажы-Сай шаарынын ортосунда Манжылы-Ата аттуу ыйык жай жайгашкан. Бул жер руханий жактан тазаланууну жана шыпаа издеп келген адамдар көп барган ыйык жайлардын бири.
«Рух-Ордо» комплексинен айырмаланып, Манжылы-Ата табигый ыйык жай. Ал миңдеген жылдар мурда ушул жерде жашап өткөн дабагер Манжылы-Атанын ысымынун урматына аталган. Бул жерде ыйык деп эсептелген булактар менен дарактар ислам салттары менен айкалышып кеткен. Манжылы-Атанын мазары мечит жана орто кылымдагы курулуштардын калдыктары менен катар жайгашкан. Ар кандай динди карманган туристтер жана зыяратчылар шыпаалуу деп эсептелген булактардан суу иче алышат.



Ар бир булактын өзүнчө касиети бар деп айтылат. Эл арасында алардын суусу ашказан, бөйрөк, боор жана тери ооруларына даба болот деген ишеним кеңири тараган. Ошондой эле бул жерге келгендер акылмандык, күч-кубат, кайраттуулук, үй-бүлөлүк бакыт жана наристелүү болуу үчүн тилек кылышат.
Белгилүү манасчы Мамбет Чокморовдун айтымында, Манастын ата-энеси Жакып менен Чыйырды көпкө чейин балалуу боло албай жүрүп, Манжылы-Атага келип бата алышкан. Ошондон кийин алардын тилеги орундалган деген уламыш айтылып келет. Эл арасында айтылгандай, булактардын шыпаасы ага чын дилден ишенген адамдарга гана таасир этет.
Караколдогу Ыйык Үч Бирдик чиркөөсү: жыгачка жазылган тарых
Каракол шаарында Ыйык Үч Бирдик православ чиркөөсү жайгашкан. XIX кылымда курулган бул тарыхый архитектуралык имарат өзгөчө тагдырга ээ. Чиркөөдө православ дининде ыйык деп эсептелген Пров, Тарах жана Андрониктин ыйык калдыктары, ошондой эле 1897-жылы Афон тоосунда жазылган Кудай эненин Тихвин иконасынын көчүрмөсү сакталат.

Бул жерде алгачкы чиркөө 1869-жылы убактылуу боз үй түрүндө курулган. Кийин анын ордуна кыштан имарат салынган. Бирок 1889-жылдагы Чилик жер титирөөсү аны толугу менен кыйраткан.
Андан кийин Масликовдордун соодагерлер үй-бүлөсү ошол кездеги Верный шаарынан (азыркы Алматы) архитекторлорду чакырып, атайын долбоор менен жыгачтан жаңы чиркөө курдурган. Ал 1895-жылы пайдаланууга берилген. Совет доорунда бул чиркөө да көптөгөн диний жайлар сыяктуу жабылып, таланып-тонолгон. Кийин имараты балдардын спорт мектеби катары пайдаланылган.
Православ жамааты жарым-жартылай талкаланган чиркөөнү 1992-жылы гана кайра кайтарып алып, бир нече жыл ичинде толугу менен калыбына келтирген.
Дунган мечити: Кыргызстандагы кытай стилиндеги өзгөчө мечит
Караколдун дагы бир өзгөчө тарыхый жайы Дунган мечити. Ал сырткы көрүнүшү боюнча Борбор Азиядагы салттуу мечиттерден айырмаланып турат. Бул мечиттин тарыхы XIX кылымдын аягында куугунтуктоодон качып Борбор Азияга көчүп келген кытай тектүү мусулман эл — дунгандар менен тыгыз байланыштуу.

1907-жылы мечитти куруу үчүн Бээжинден белгилүү архитектор жана жыгач устасы Чжоу Сы чакырылып, ал жыйырмадай уста менен бирге Теңир-Тоонун карагайынан, карагачтан жана теректен бир да мык колдонбостон бул өзгөчө имаратты курган. Мечит сырткы көрүнүшү боюнча будда ибадатканасына же кытай стилиндеги храмга окшош. Анын ийилген кооз чатырлары, оймо-чиймелери, түркүн түстүү жасалгалары жана кытай маданиятында коргоону жана жакшылыкты билдирген ажыдаардын элестери өзгөчө көзгө урунат. Чатырын отузга жакын жыгач мамы көтөрүп турат. Чатырынын четтери жүзүмдүн, алмуруттун, анардын жана шабдалынын сүрөттөрү менен кооздолгон.
Совет бийлиги орногондон кийин мечит жабылып, ар кайсы мезгилде кампа жана клуб катары пайдаланылган. Дунган мусулмандары бул ыйык жайды 1991-жылы гана кайра өздөрүнө кайтарып алышкан. Бүгүнкү күндө Дунган мечити мамлекет тарабынан корголгон тарыхый эстелик болуп саналат. Ал жергиликтүү дунган эли үчүн диний жай гана эмес, өз эне тилин, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактап келген маанилүү борбор болуп эсептелет.
Елена Короткова