Сурабалдиева Нидерланддардын суу ресурстарын башкаруу тажрыйбасын өздөштүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасындагы Нидерланддар Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нико Схермерс менен жолугушту. Жолугушууда депутат Нидерланддар менен тажрыйба алмашууга, айрыкча суу ресурстарын башкаруу, экологиялык таза технологияларды киргизүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттер аралык байланышты чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Эльвира Сурабалдиева акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өз ара сапарларды уюштуруу жана парламенттер ортосундагы байланыштарды кеңейтүү өбөлгө түзөт.
Ошондой эле комитет төрайымы Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режимди киргизүү, ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жок адамдарды реадмиссиялоо боюнча макулдашууларга токтолду. Ал бул документтер жакын арада Бенилюкс өлкөлөрүндө да бардык ички процедуралардан ийгиликтүү өтөрүнө ишеним билдирди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришинин маанилүүлүгү белгиленди.
«Бул документтин ишке ашырылышы Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарып, саясий, экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ишенебиз», — деди Сурабалдиева.
Мындан тышкары, тараптар энергетика, транспорт, өнөр жай, кайра иштетүү, туризм жана санариптештирүү багыттарындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.
Өз кезегинде элчи Нико Схермерс эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоонун зарылдыгын белгилеп, өзгөчө айыл чарба тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Эльвира Сурабалдиева Нидерланддардын делегациясын элчи Нико Схермерс баштаган курамда быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.