Суракка келбесеңер, мажбурлап алып келебиз деп жатышат, — Токторбаев

Суракка келбесеңер, мажбурлап алып келебиз деп жатышат, — Токторбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал 2-декабрда Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу каралып жаткан «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Депутат бул ирет Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Мукановго токтолуп, мурда ММК фонду өкмөттүн карамагында болсо, азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында экенин айтты.

“Сиздердин фонддун милдети кандай? Сиз Саламаттыкты сактоо министрлигинин коопсуздук кызматысыз, башкача айтканда министрликтин кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын көзөмөлдөшүңүз керек. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындасыз, ал эми министр сиздин жетекчиңиз, демек, сиз департаментти көзөмөлдөй албайсыз, ачык эле коррупция бар”, — деди ал.

Депутаттын айтымында, ал бүгүн да суракка чакырылган.

 “Мен шайлоочулардын талабын айтсам, бизди прокуратура кызматкерлери куугунтукка алып жатышат. Кечээ чалышты, бүгүн Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан чалышып, өзүңөр келбесеңер, мажбурлап алып келебиз деп жатышат”, – деди Токторбаев.

Эл өкүлү прокуратуранын ыйгарым укуктары көбөйгөнүн белгиледи.

“Мен эмне айткым келет? Тергөө функциясын прокуратурага өткөрүп бергенден кийин алардын ыйгарым укуктары абдан көбөйдү. Өздөрү иш козгоп, өздөрү тергеп, токтотуп, кааласа өздөрү сотко кайрылышат. Бул коррупциянын ачык белгиси. Ошондуктан мен депутаттардан тергөө функциясын алардан алып салууну сурандым. Россиядагы Тергөө комитети сыяктуу КР президентинин алдында өзүнчө орган түзүү керек. Эгерде ММК Фонду да Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында болсо, сиз агенттикти көзөмөлдөй албайсыз. Аны кайра өкмөткө беришибиз керек. Эми силердин моралдык да, каржылык жактан да текшере албайсыңар», — деди Токторбаев.

Прокурор депутаттарды чакырса эмне кылыш керек? Жактоочудан кеңеш

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>