Суу чарба 18 млн. сомдон ашык акчага зыян келтирди

Суу чарба 18 млн. сомдон ашык акчага зыян келтирди

Башкы прокуратура Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба курулушу боюнча дирекция (мындан ары — Дирекция) тарабынан аткарылган Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагул, Кеңеш айылдарындагы жерлерди сугаруу объектинин курулушуна бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын мыйзамдуулугун текшерди.

Текшерүүдө, дирекция өткөргөн курулуш-монтаждоо иштерин сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча «ГБС» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, аны менен 130 миллион сомдон ашык суммага тиешелүү келишим түзүлгөнү, аталган ЖЧК толугу менен каржылангандыгы аныкталган.

Бирок, 2018-жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүү пландалганына карабастан, ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан 52 млн 658 миң 698 сомдук курулуш-монтаждоо иштери аткарылбай, андан соң иш токтоп калган.

Натыйжада, Дирекциянын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам, жогорудагы объект бүтпөй калып, мамлекетке 52 млн 658 миң 698 сом зыян келтирилген.

Ушундай эле мыйзам бузуулар «Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ак-Тектир жана Терек-Талаа каналдарын реабилитациялоо» объектисине курулуш-монтаждоо иштерин сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде да аныкталып, өзгөчө ири өлчөмдө мамлекетке келтирилген зыян 18 млн 479 миң 693 сомду түзгөн. Бул тендердин уткан компания дагы жогоруда аталган «ГБС» ЖЧКсы болгон.

Жыйынтыктаганда, Дирекциянын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жалпы суммасы 71 млн 138 миң 391 сом зыян келтирилгендиги тастыкталды.

Бул фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан жогоруда аталган Дирекциянын жана «ГБС» ЖЧКсынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>