Суу жок болсо, эмнени берели?! Министрликтин кызматкери Казакстанга жооп берди

Суу жок болсо, эмнени берели?! Министрликтин кызматкери Казакстанга жооп берди

Айыл чарба министрлигинин Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргыз-казак чек арасында чектөө киргизип, жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жаткан Казакстан тарапка жооп берди.

Белгилүү болгондой, Казакстан «Кыргызстан сугат суу бербей койду» деген себеп менен чек арага чектөө киргизген. Бирок Чортомбаев Кыргызстан өзүндө суу тартыш болгонуна карабай, Казакстанга суу бергенин, келишимдерди так аткарганын белгилеп, Казакстандын ММКларын да айтылып жаткан «Кыргызстан суу бербей жатканы» тууралуу сөздөрдү төгүндөдү.

«Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык», — дейт Улан Чортомбаев.

Аны менен бирге ал Киров суу сактагычынын жазында жана учурдагы спутниктен тартылган сүрөтү менен бөлүшүп, суу канчалык азайганын көрсөткөн.

«Суу жок. Суу жок болсо, силерге эмнени берели?! Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек, балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го, акыры. Келгиле бири-бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат. «Ынтымак бар жерде ырыс бар». Ырысыбызга түкүрүп албайлы», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Казакстан кыргыз-казак чек арасында чектөө киргизип, анын айынан жүк ташуучу унаалар бир нече чакырымга созулган кезекке туруп калды. Бүгүн, 22-август саат 12:00го карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – унаа жолу» өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 430га жетти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, 21-августта саат 09:00дон кечки саат 18:00гө чейин казак тарап Кыргызстандан 3 гана унааны өткөргөн.

Казакстан чек арадагы чектөө боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.

Кыргыз-казак чек арасы: «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалардын саны 430га жетти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>