Кыргыз-казак чек арасы: «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалардын саны 430га жетти

Кыргыз-казак чек арасы: «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалардын саны 430га жетти

Бүгүн, 22-август саат 12:00го карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – унаа жолу» өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 430га жетти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы алар тараптан көзөмөл бекетинен өткөрүүдө эч кандай чектөө болбогонун белгилеп, 21-августта Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөрүлгөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, Казакстан 21-августтан тарта кыргыз-казак чек арасында чектөө киргизип, анын айынан жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга өтө албай, бир нече чакырымга созулган кезекке туруп калды.

Буга чейин Чек ара кызматы билдиргендей, 21-августта саат 09:00дон кечки саат 18:00гө чейин казак тарап Кыргызстандан 3 гана унааны өткөргөн.

Кезек күткөн айдоочулардын айтымында, казак тарап чек арадагы чектөөлөрдү Кыргызстан суу бербей жатканы менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын расмий органдары суу Кыргызстандын өзүндө тартыш болуп жатканын, Казакстанга суу өз убагында жана келишимге ылайык толугу менен берилгенин айтууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>