Суусамыр — Талас — Тараз жолун оңдоого 50,2 млн $ жумшалат

Суусамыр — Талас — Тараз жолун оңдоого 50,2 млн $ жумшалат

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри жана камсыздандыруу операциялары боюнча менеджери Али Хан менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

«Азыркы тапта Транспорт министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусу өз нугунда уланууда. Учурда «Ысык-Көл айланма унаа жолунун 104-184,5-чакырымын реконструкциялоо» долбоору ишке ашырылып жатат. Анын наркы 20 млн долларды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарына «Суусамыр-Талас-Тараз, Фаза IV, жолдун 105-198-чакырымын реконструкциялоо» долбоорун ишке ашыруу күтүлүүдө.

Ал боюнча азыркы учурда насыялык макулдашууга жана техникалык-гранттык жардам макулдашуусуна кол коюуга даярдык иштери жүрүп жатат. Долбоордун суммасы 50,2 млн долларды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>