Бишкекте баңгизат колдонгон абалдагы айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти18-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43° чейин көтөрүлөтМанастагы «Даңк аллеясы»: аза күткөн эне, өчпөс от жана үч миң ысымКасымалиев «Ачык кабинет» долбоорунун экинчи этабы башталарын жарыяладыКонгодо Эболага чалдыккандардын саны 2 миңден аштыЭнергетиктер Кыргызстанда электр энергиясынын массалык түрдө өчүшүнүн себебин билдиришти
Суусамырда депутат сууга чөгүп кетти
13.05.2022 | 15:27
Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылынын депутаты Бакир Исаков Суусамыр суусуна чөгүп кетти. ӨКМдин кызматкерлери чара көргөн жок. Бул тууралуу анын эжеси Назима Исакова билдирди.
Анын айтымында, Бакир Исаков ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте Суусамыр суусунун ортосунда такалып калган атын чыгаралы деп жатышкан.
“Кайык көмкөрүлүп кетип, алар сууга кулап кетишти. Агам ӨКМ кызматкерин жээкке түртүптүр, өзүнүн жиби үзүлүп, аны суу агызып кетиптир. Кызматкерлер бир гана кесиптешин эмес, агамды дагы куткаруу үчүн чара көрүшү керек болчу. Үч күндөн бери аны таппай жатышат. Бизге 23 куткаруучу тартылганын билдиришти. Калган издеп жаткан адамдардын баары биздин адамдар”, – деди Назима Исакова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом