Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Бишкектин Борбордук стадиону World Athletics сертификациясына даярдалууда — Курулуш министрлиги
15.07.2026 | 10:30

Дөлөн Өмүрзаков атындагы Борбордук стадиондо эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы жеңил атлетикалык чуркоо жолдорун орнотуу иштери аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, стадиондо ар кандай аралыкка чуркоо, узундукка жана бийиктикке секирүү, ошондой эле ядрону түртүү боюнча мелдештерди өткөрүүгө арналган швейцариялык CONICA брендинин технологиясын колдонуу менен заманбап жеңил атлетикалык жабуу төшөлдү.
Бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жаткандыгы белгиленди. Чуркоо жолдорунун тышкы жабуусуна 12 жылдык кепилдик берилет жана ал аймактын климаттык шарттарына туруктуу келет.
Модернизациялоонун жүрүшүндө чуркоо жолдорунун саны эл аралык стандарттарга ылайык сегизден тогузга чейин көбөйтүлдү.
Жаңыртуу иштеринин натыйжасында Дөлөн Өмүрзаков атындагы Борбордук стадион Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын (World Athletics) сертификатын ала алат. Бул Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги эл аралык жеңил атлетика мелдештерин өткөрүүгө мүмкүндүк берет.