Суусамырдагы эс алуучуларга, тургундарга эскертүү берилди

Суусамырдагы эс алуучуларга, тургундарга эскертүү берилди

Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Суусамыр өрөөнүндө эс алып жүргөн жарандарга, ошондой эле жол четинде соода кылган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын  жарандарына жана чет элдик жарандарга майрам күндөрү жеке коопсуздуктарын жана алардын буюмдарына сак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга эс алуу учурундагы коопсуздук эрежелерин эскертип, ар кандай кырсыктардын алдын алып, балдарды көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертишти.

Бишкек — Ош унаа жолунун боюндагы боз үйлөрдүн ээлери жана ар кандай буюмдарды саткан жергиликтүү тургундар менен жеке коопсуздук эрежелерин сактоо жана жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн дайыма сак болууга чакырышты. Кооптуу жерлерден жолдорду кесип өтүүдө этият болууга үндөп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан аталган өрөөндүн мал ээлеринин мал уурулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Тэги: Суусамыр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>