Ж.Касымбеков: Мен аферист эмесмин

Ж.Касымбеков: Мен аферист эмесмин

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде ал аферист эмес экенин жана ага карата тагылган айыптар боюнча акталып чыкканын, ал үчүн 7 жылдык өмүрү кеткенин билдирген.

“Мени 2015-жылы кызматка кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой тургандай кылып, кызматтан кетиришкен. Ошол учурда 3 эпизод боюнча иш таап, аны прокуратурага жөнөтүшкөн. Мага “Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган. Биринчи эпизоддо – форма тиктирүү боюнча, экинчиси – ооруу өргүүсүн жасап алуу жана үчүнчүсү – сыйлыктарды негизсиз берүү боюнча.

Бул форманы азыркыга чейин “103” кызматынын кызматкерлери кийип жүрүшөт, мамлекетке бир дагы тыйын зыян келтирилген эмес, бир дагы форманы мен өзүмө алган эмесмин.

Ал эми сыйлык берүү боюнча 2014-жылы 1,5 миллион сом беришкен, анын 46 миң сому 27 кызматкерге туура эмес бөлүштүрүлгөн. Бул бухгалтердин катасы болуп калган. Кызматкерлер ал 46 миң сомду кайра кайтарып беришкен. Бул боюнча бухгалтерге сөгүш берилип, мага эскертүү берилген. Бирок, бул ишти дагы сотко чейин жеткирип жиберишкен.

Үчүнчү иш боюнча жасалма өргүүнү мен кантип жасап алмак элем? Бул иштер боюнча акталып чыгуу үчүн 7 жылдык өмүрүм кетти. Колумда күчүнө кирген Бишкек шаардык сотунун чечими турат. Ошондуктан мени аферист дегенге негиз жок”, — деп билдирген ал өзүнүн маегинде.

Буга чейин Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>