Совмин шаарчасындагы унаа дөңгөлөктөрүн уурдоо: Бишкекте шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүн уурдоого шектүү катары үч адам кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын ушул сыяктуу дагы беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталды, деп билдиришти Reporter.kg сайтына Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматынан.
Милициянын маалыматы боюнча, Октябрь райондук ИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, Совмин шаарчасында токтотулуп турган Hyundai Sonata DN8 үлгүсүндөгү унаасынын эки дөңгөлөгүн белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Арыз ээсинин айтымында, кылмыш 7-июль кечинен 8-июль таңына чейинки аралыкта жасалган.


Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери үч шектүүнү — 2005-жылы туулган К.М., 1998-жылы туулган Н.А. жана 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жарандарды кармашты. Алар Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.



Кийинчерээк Октябрь райондук соту шектүүлөргө карата №1 тергөө абагына (ТИЗО-1) камоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады.
Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын ушул сыяктуу дагы беш уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды.
Тергөө иштери уланууда.
Анара Мамытова