Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Видео: Сузактын тургунунун үйүнөн Өзбекстанга өтүүчү тоннель табылды
20.03.2024 | 11:29
Жалал-Абаддын Сузак районунда кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу аткезчилик жүктү ташуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн казылган тоннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматы кызматы билдирди.
Тоннель Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн табылган. Анын тереңдиги 15 метрге, узундугу 130 метрге жетет. Ал эми бийиктиги 1,7 метрди түзөт.
Аталган факт боюнча аткезчилик каналын уюштурган делип 38 жаштагы үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды, тоннель аркылуу ташылган товарларды жана чек арадан мыйзамсыз өткөн кишилерди аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
УКМК булфакт боюнча маалыматы бар жарандарды 0995 012 210 (WhatsApp/Telegram) номери аркылуу кабар берүүгө чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом