Сузакта курула турган төрөт үйүнө ишкерлер 270 млн сом беришти

Сузакта курула турган төрөт үйүнө ишкерлер 270 млн сом беришти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-мартта заманбап төрөт үйүнө капсула салуу аземи өткөн. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Жеке ишкерлер 270 млн сом акча каражат бөлүштү. Жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын бөлүп берди.  Курулуш иштерин ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы колго алды. Төрөт үйдү ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>