Ак-Ордодогу үйдүн түрттүрүлүшү: Богооз депутат камакка алынды

Ак-Ордодогу үйдүн түрттүрүлүшү: Богооз депутат камакка алынды

Чүйдүн Сокулук районундагы Ак-Ордо конушунда төрт балалуу келиндин үйүнүн түрттүрүлгөнүнө нааразы болуп чогулган тургундарды сөгүп, коомдук тартипти бузган айылдык кеңештин депутаты беш күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 3-март күнү Сокулук районунун Ак-Ордо-3 жаңы конушунда Ш.М. аттуу жарандын үйүн сүрдүрүлгөнү боюнча жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип чогулушкан. Аталган чогулушка Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунун «Е, Ж» кварталынын башчысы болуп иштеген 37 жаштагы К.Т. аттуу жаран келип, коомдук тартипти одоно бузуп, тургундарды сөгүп, алардын тынчтыгын бузган.

«Натыйжада чогулган элдер эки жаатка бөлүнүп, алардын ортосунда жаңжал чыгып, коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки тараптуу мушташтын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен нааразы болгон элдер тарап кетишкен», — деп билдирет милиция.

Ошол эле учурда, элди экиге бөлүп, коомдук тартипти одоно бузуп, эл арасында уруш чыгарган Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты К.Т. Сокулук райондук милицияга жеткирилип, ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, Сокулук райондук сотуна жеткирилген.

Сокулук райондук соту К.Т. аттуу жаранды беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, 3-мартта Ак-Ордо конушунда төрт балалуу Марал Шараболотованын үйү түртүлүп, ал коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 5-мартта Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлгөн келин менен жолуккан. Аны менен бирге аталган конуштун тургундарынын жер мунапысы боюнча маселесин уккан.

Аталган окуядан кийин президент жер мунапысы боюнча жыйын өткөрүп, Чүй облусунун башчысын жана Сокулук районунун акимин иштен алууну тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>