Сузакта уурулук кылып, 5 адамга 260,5 миң сом зыян келтирген шектүү кармалды

Сузакта уурулук кылып, 5 адамга 260,5 миң сом зыян келтирген шектүү кармалды

Жалал-Абаддын Сузак районунда уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук милицияга 5 жарандан арыз түшкөн. Милицияга кайрылган жарандар 180 миң сомдук Daewoo Matiz унаасы, желимдөөчү жайдагы 30 миң сомдук техникасы, 15 миң сомдук дөңгөлөктөр, 30 миң сомдук балык, дүкөндөн 5,5 миң сомдук ичимдиктер уурдалганын билдирген. Уурулук 18-ноябрдан 14-декабрга чейинки аралыкта жасалган. Аларга жалпы 260,5 миң сомдук материалдык зыян келтрилген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) жана 211-беренеси (автомототранспорт каражатын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында милиция шектүү катары 41 жаштагы жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>