Баткенде 22,8 млн сомго салынган мал базар пайдаланууга берилди (сүрөт)

Баткенде 22,8 млн сомго салынган мал базар пайдаланууга берилди (сүрөт)

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында салынган жаңы мал базар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын ачылышына облус башчысы Абдикарим Алимбаев, шаар мэри Имамназар Бурханов катышып, шаар тургундарын Жаңы жыл алдындагы жакшы саамалык менен куттуктаган.

Мал базарды курууга мэрия тарабынан 1,5 га жер бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен курулуш иштерине 22,8 млн сом каралган. Жумуштар 2023-жылдын март айында башталып, ноябрь айында толугу менен бүткөрүлгөн. Мал базар 1 миң баш майда мал жана 500 баш бодо малга ылайыкталган.

“Мал базардын айланасы тосулуп, бастырмалар орнотулуп, үстү жабылган. Ошондой эле малды жүктөп-түшүрүүчү жайлар, санитардык өтмөктөр, трансформатор, жарыктандыруу, суу сактагычтар, административдик имарат курулган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эски мал базар шаардын так ортосунда жайгашкандыктан, көчөлөрдө унаа тыгындары пайда болуп, тургундарга ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>