ЖК комитети ата-энесине алимент төлөбөгөндөргө жазаны күчөтүүнү колдоду

ЖК комитети ата-энесине алимент төлөбөгөндөргө жазаны күчөтүүнү колдоду

Балдарына жана иштей албаган, колунда жок ата-энесине алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештинин тармактык комитетинде биринчи окууда жактырылды.

Демилгечилердин бири Икрамовдун айтымында, ал бул мыйзам долбоору менен алименттик келишимди же соттун чечимин аткарбай, балдарына алимент төлөбөгөн ата-энелерге жана иштей албаган, колунда жок кары ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен, ал-күчүндө болгон уул-кыздарга жазаны күчөтүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык балдарына, ата-энесине «кайрымсыз» болгондорго 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же 60 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо 9 айга чейин камакта отурат.

Бул мыйзам долбоору бала кезинде ата-энеси (же атасы, же апасы) таштап кетип, карабай койгон жарандарга тиешелүү эмес. Тактап айтканда, жаран ата-эненин мээрими жок өссө, кийин ал ата-энесин карабай койгону үчүн жазаланбайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>