«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдү
Сүйүнчү! Тыныбекова Хорватиядагы мелдештин алтын байгесин утту (видео)
13.01.2024 | 00:20
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Хорватияда өтүп жаткан эл аралык Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын байге тагынды.
Тыныбекова алкачкы эки беттешинде америкалык жана кытайлык балбан кыздарды жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда бейтарап туунун алдында чыккан Алина Касабиеваны утту.
Ал эми жарым финалда Тыныбекова бул мелдештеги башкы атаандашы япониялык Сакура Мотокиден күчтүү чыкты.
Алтын үчүн беттеште Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен күрөшүп, ага бир да упай бербестен 7:0 эсебинде жеңишке жетти.
Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)