Сүлүктү мэриясынын айрым кызмат адамдарына иш козголду

Сүлүктү мэриясынын айрым кызмат адамдарына иш козголду

Сүлүктү шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдарына карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “АРИС” долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери жалпы суммасы 225 млн 173 миң 374 сом болгон суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, аткарылган иштер талапка жооп бербей, бүгүнкү күнгө чейин ичүүгө таза суу бериле элек жана ошондой эле Сүлүктү шаарынын суу түтүктөрү ишке киргизиле элек.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>