Бишкекте топ бала беш жигитти сабап кетти. Шектүүлөрдүн экөө кармалды

Бишкекте топ бала беш жигитти сабап кетти. Шектүүлөрдүн экөө кармалды

Бишкекте топ бала 17-18 жаштагы беш жигитти сабап кетти. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Окуя 25-майда болжол менен саат 20:00до 12-кичирайондо болгон. Таяк жеген балдардын бири милицияга арыз жазып, аны жана төрт досун 6-8 бала сабап кеткенин билдирген.

Белгилүү болгондой, аталган окуя, андан мурдараак, сабаган балдардын биринин иниси менен сабалган балдардын бири уруша кеткенинен улам болгон.

Аталган фактыга байланыштуу «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул ишке шектүү катары 19 жаштагы Д.Д. жана Д.У. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул окуяга катышы бар башка балдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Милиция кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>