Сынактан жеңген Свердлов районунун мугалимдери сыйланды — тизме

Сынактан жеңген Свердлов районунун мугалимдери сыйланды — тизме

Бишкек шаардык Свердлов районунун мугалимдерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгына ылайык республика боюнча сынак өткөрүлүп, ага 44 район жана 30 шаар катышты. Сынактын жыйынтыгында Свердлов районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары жана мугалимдери 1-орунга ээ болушту.

Өз кезегинде Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, акимдин биринчи орун басары Руслан Бекназаров мугалимдерге жана тарбиячыларга ыраазычылык билдирип, мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырышты.

Мугалимдердин тизмеси:

— Замирбек кызы Асел;
— Бегалиева Алтынкыз Эсеналиевна;
— Абдыкасымова Эльмира Токоновна;
— Кадырбаева Гүлзат Жунусовна;
— Эркалиева Оксана Чынарбековна;
— Кайыпова Калтар Байгазиевна;
— Дуулатова Гулай Кубатовна;
— Абдыкасымова Бурул Токоновна;
— Бегалиева Жумагул Итибаевна;
— Жумаев Элдос Бактыбекович;
— Шапакова Айнаш Асановна.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сыйлык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>