Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө

Кыргызстанга былтыр 6 млн 912 миң турист келип, мейманкана жана ресторандардан түшкөн киреше 951 миллион сомду түздү. Бул тууралуу 14-апрелде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын жыйынында билдирди.

Жыйында туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү программаларын каржылоо жана инвестициялоо, 2023-жылдагы туристтик сезонго карата көрүлгөн даярдык маселелери талкууланды.

“Туристтик сезонго карата даярдык көрүү максатында жыл сайын  жайкы жана кышкы эки иш план бекитилет. Анын ичинен кышкы сезон туристтер арасында популярдуу болууда”, — деди Самат Шатманов.

Талкуу маалында депутат Бахридин Шабазов быйылкы жылга болжолдонгон туристтердин агымына кызыгып, ошондой эле жаңы туристтик сезонго даярдык көрүү, Ысык-Көл облусунда жайгашкан пансионаттардагы жана курорттордогу тазалоочу жайлардын ишин көзөмөлдөө маселерине токтолду.

Өз кезегинде министрдин орун басары “Болжолдор боюнча 10 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө” – деп кошумчалады.

Баяндамачынын айтымында, 2020- жана 2021-жылдары мекеменин бюджети 4,7 млн сомду, 2022-жылы болсо 39 млн сомду түзгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>