Таксилерге лицензия берүү сунушун Жогорку Кеңеш колдогон жок

Таксилерге лицензия берүү сунушун Жогорку Кеңеш колдогон жок

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин депутаттары  “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алган жок.  Мыйзам долбоору аркылуу жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо максатын көздөгөн.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына ылайык оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү коммерциялык түрдө ташууга тыюу салынганын эске алып, унаа ээлери тарабынан нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60% оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариантты, мисалы, мамлекеттик субсидияларды, лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады.

Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, көптөгөн жарандар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болоорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Талкуунун соңунда депутаттар добуш берип, жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>