Кыргызстандан 7,8 млн доллар чыгарып кеткен ишкер кармалды

Кыргызстандан 7,8 млн доллар чыгарып кеткен ишкер кармалды

Кыргызстандан ири суммадагы акча каражатын чыгарып кеткен жаран кармалды. Ал кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдары буга чейин кылмыштуу кирешелерди легалдаштырган фактыны аныкташкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндө (мурдагы 2017-жылдагы редакция боюнча) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган.

О.Р. аттуу жаран жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн учурунда башка адамдар менен макулдашып алып, мамлекеттик бюджетке милдеттүү болгон төлөмдөрдү төлөөдөн качып, кылмыштуу жол менен алынган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча кылмыштуу схеманы түзгөн.

2018-жылдын февраль айынан июль айына чейин  жогорудагы жаран чет өлкөнүн бирине банк аркылуу 7 888 700 АКШ долларын которгон.  Акча каражаттар текстиль өндүрүшү менен алектенген ишканалардын дарегине ар кандай чет өлкөлүк банктарга которулган.  Бирок, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, жеке ишкердин сырткы экономикалык ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматы боюнча бул көрсөтүлгөн аралыкта, тактап айтканда түзүлгөн келишимдер жана макулдашуулар боюнча  жеке ишкер О.Р. дарегине чет өлкөлөрдөн товарлар келген эмес.

Андан сырткары, Кыргызстандын салык мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, ишкер 2018-жыл үчүн 43 324 000 сомдон ашык каражатын салык үчүн төлөбөгөндүгү аныкталган.

2022-жылдын 21-декабрь күнү  жаран О.Р.га карата Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. 2022-жылдын 27-декабрь күнү Кыргызстандын жана Россиянын ички иштер министрликтеринин интерполдору аркылуу  жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүдө Москва шаарында 1989-жылы туулган О.Р. кармалган.

Москва шаарынын Перов райондук сотунун 2022-жылдын 30-декабрындагы токтомуна ылайык, жаран О.Р.га карата бир айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.  Кармалган жаранды өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>