Талант Мамытов: орус тили расмий тил катары калуусу керек

Талант Мамытов: орус тили расмий тил катары калуусу керек

Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жол берилбейт. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов билдирди. 

Соңку күндөрү активдүү талкууланып жаткан орус тилинин расмий макамын алуу сунушу тууралуу президенттин милдетин аткаруучу да үн катты.

Анын билдирүүсү президенттин расмий сайтына жайгаштырылды.
Талант Мамытовдун орус тили тууралуу кайрылуусун толугу менен беребиз:

«Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбейт. Тилдик фактор коомубуздагы туруктуулуктун жана улуттар аралык ынтымактын фактору катары каралышы зарыл.

Мекенге болгон сүйүү жана берилгендик эне тилге болгон сүйүүдөн башталат.

Көз карандысыздык жылдарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ордун жана кадыр-баркын бекемдөө жаатында көптөгөн иштер жасалды. Борбордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш кагаздарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары иштешин камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздери өнүгүүдө. Атайын окуу китептери, сөздүктөр жана окуу куралдары, видео жана аудио-материалдар даярдалып, окутуунун заманбап ыкмалары киргизилүүдө.

Эң негизгиси, тил саясаты көп улуттуу мамлекетти жана ачык жарандык коомду өнүктүрүүгө, кыргыз тилинин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана башка этностордун тилдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Орус тили кыргызстандыктарга абдан жакын тил болуп саналат. „Орус жана кыргыз тилдери — бир куштун эки канаты“ деп бекеринен айтылбайт. Ал азыркы Кыргызстандын аймагында 19-кылымдын ортосунан тартып кеңири тараган. Биздин тоолуу аймактын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногон.

Тарыхый жактан да орус тили кыргыз маданиятынын жана билим берүү тутумунун калыптанышында эбегейсиз прогрессивдүү ролду ойногон. Дал ушул орус тили аркылуу кыргыздар дүйнөнү таанып жана тескерисинче, дүйнө кыргыздарды тааныган. Мунун эң сонун мисалы — Чыңгыз Айтматовдун улуу чыгармалары.

Кыргызстандан Россияга эмгек миграциясынын негизги агымы өлкөнүн аймактарынан барат. Бул кыргызстандыктардын расмий тилди билүүнү каалоосунун бир себеби.

Кыргызстан менен Россия дайыма дос болуп келген жана дос болуп кала берет. Биздин өлкөлөрдүн тарыхый жолу көп жагынан окшош. Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү — Россия.

Бүгүнкү күндө, ЕАЭБдин алкагында, орус тили евразиялык бирикмеде коммуникациянын негизги каражаты экенин эске алганда орус тилин билүүгө болгон муктаждык өсүүдө.

Расмий тил биздин өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара кызматташуу жолуна жакшы негиз болуп берет деп ишенем.

Ошондуктан мен Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнүн кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин расмий тил катары бекитүү чечимин кубаттайм.

Биздин негизги милдет — өлкөдө жашаган бардык этностордун тилдерин сактоо менен, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилдин толук масштабдуу иштешин камсыз кылган, өз эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын жаңы көп тилдүү муунун калыптандырууну камсыз кылуучу натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү», — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>