Талант Мамытов Орусияга иш сапары менен барды

Талант Мамытов Орусияга иш сапары менен барды

Президенттин м.а., Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Үч күнгө созулары айтылган бул иш сапар Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында өтөт. Анын жүрүшүндө Талант Мамытов Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен  жолугат. Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович  жана КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен жолугушары белгилеген.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы  болуп 4-ноябрда шайланган.  Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин анын милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин когондон кийин президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>