Бир мандаттуу округдар боюнча ким көп добуш алды? Талапкерлердин рейтинги

Бир мандаттуу округдар боюнча ким көп добуш алды? Талапкерлердин рейтинги

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланган шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча бир мандаттуу округдардан Айбек Алтынбеков, Искендер Матраимов жана Улан Примов эң көп добуш алган.

Ошентип, Айбек Алтынбеков Базар-Коргон шайлоо округунан 23 миң 779 добуш, Искендер Матраимов Кара-Суу шайлоо округунан 22 миң 134 добуш, Улан Примов Алай шайлоо округунан 21 миң 928 добуш алган.

Бул сандагы добуштар партиялык тизме боюнча шайлоого катышкан талапкерлердикинен көп. “Ата Журт Кыргызстанда” Бакыт Төрөбаев 18 миң 309 добуш алып, лидер болду. Айтмакчы, “Ынтымак” партиясынан блогер, журналист Эрулан Көкүлов да көп добушка ээ болду – 18 миң 685, ал эми “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров 24 миң 267 добушка ээ болуп, бир мандаттуу округдан добуш алуу боюнча лидерлигин көрсөткөн Айбек Алтынбековдон алдыга чыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>