Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Талапкер: “Эмгек” партиясына карата мыйзамсыз чечим чыкты – видео
05.05.2021 | 12:42
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алды. Бул тууралуу маалымат жыйынында “Эмгек” партиясынан талапкер Данияр Амангельдиев билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын туура эмес чечиминен 16 миң шайлоочунун укугу бузулган.
“Бул түздөн-түз саясий буйрук. Борбордук шайлоо комиссиясы айрым саясий партиялардын жана эски жүздөрдүн кызыкчылыгы коргогон.” Эмгек” партиясы массалык түрдө адамдарды каттады деген маалыматты тийиштүү органдар тастыктай алган жок. Четтетүү боюнча чечимди кабыл алынганына 2 күн болгону менен бизге чечимин бере элек. Биз сотто өз позициябызды толугу менен коргойбуз”, – деди Амангельдиев.